AVN







ЖАМУ – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК

ЖАМУ – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК
 Apr 2, 2019  696

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитети тарабынан «ЖАМУ – биздин келечек» аталышындагы тамашоу болду. Тамашоу 2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү  жана мамлекетти санариптештирүү" жылына жана ЖАМУнун түптөлгөндүгүнө 96 жыл, университет болуп түзүлгөндүгүнө 26 жыл болгондугуна карата өткөрүлдү. Мындай маалыматты Жаштар комитети билдирди.

 Аталган оюнга 4 факультеттен 4 команда катышты. Алар:

ПМТФ-Динамик;

Медицина факультети-MedSmile;

Экономика жана юридика факультет-Өчпөс үмүт;

Табигый- техникалык факультети-Эверест командалары катышып, күлкү тартуулашты.

Калыстар тобунда: Маданий эстетикалык борбордун адистери- Н. Шамуратов, Ж.Масеитов,  мамлекеттик тил  жана социалдык иш бөлүмүнүн адиси-А. Ырысмаматова, "JASU Stars" командасынын мыкты оюнчусу-Б.Момунов,  Жаштар комитетинин төрайымынын орун басары- Зиябидин у  И. болушту.

Оюн 3 турдан туруп, жобого ылайык катышуучулар берилген тапшырмаларды аткарышты. Калыстардын берген баасына ылайык, ар бири тийиштүү орундарды ээлешти.

 Жыйынтыгында: Эверест, Өчпөс үмүт, Динамик командалары финалга жолдомо алышты. Эскерте кетсек аталган 3 команда майда болуучу финалда "Ректордун кубогу" үчүн  ат салышмакчы.

  • ЖАМУ – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК
  • ЖАМУ – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК
  • ЖАМУ – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК
  • ЖАМУ – БИЗДИН КЕЛЕЧЕК