AVN







ЖАМУ 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

ЖАМУ 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
 Apr 1, 2019  678

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери “Чылымсыз спорт” ураанынын алкагындагы универсиадада кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча  командалык жеңиште 2-орунду ээлешти. Бул тууралуу алардын машыктыруучусу Ильяс Алиев Билдирди.

“Чылымсыз спорт” ураанынын алкагында универсиада Бишкек шаарында 27-февралдан 20-апрелге чейин старт алды. Анда 33 республикалык окуу жайлар катышып, ЖАМУ спорттун 24 түрү боюнча мелдешке катышууда. Кыз келиндер арасындагы эркин күрөшкө жогорку окуу жайлардан жалпы 8 команда катышты. Биздин окуу жайдын намысын  Касымбек кызы Нуриса 76 кг салмакта, Темирбек кызы Элнура 57 кг жана Ахмаджанова Айзада 62кг салмак котегориясында күч сынашты. “Кыздар учурда 1-курста билим алышууда, келечекте мыкты машыгууларды өткөрүп, дүйнөлүк турнирлерге катышышат деген ойдомун. Касымбек кызы Нуриса жана Темирбек кызы Элнура ПЖМТФнын  Ф-1-18,. П-1-18  тайпасынын студенттери жана Ахмаджанова Айзада П-1-18 тайпасынын студенти. Балбандар мыктылыгын көргөзүп, командалык жеңште кыздар арасындагы эркин күрөш боюнча ЖАМУ 2-орунду ээледи” – дейт И. Алиев.

  • ЖАМУ 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ
  • ЖАМУ 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ