AVN







«КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН АЛУУ»

«КУРГАК УЧУКТУН АЛДЫН  АЛУУ»
 Mar 30, 2019  995

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 100 студенти «Кургак учуктун алдын алуу» иш-чарасына катышып, “Ыраазычылык катка” ээ болушту.

Республикада кургак учук оорусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калк арасында кургак учук оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Анын алкагында Жалал-Абад шаарынын мэриясы  тарабынан 24-февралдан 24-мартыка чейин шаар аймагында кургак учук оорусун алдын алуу жана аны эрте аныктоо боюнча өткөрүлгөн бир айлык акция жарыяланган. Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын аталган буйругу менен бир айлык акция убагында аткарылуучу иш-чаралар планы бекитилген.

Акцияга медицина колледжинин жалпы жамааты студенттер менен биргеликте активдүү катышышкан. Алардын аракетин баалган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган колледге мэриянын «Ыраазычылык кат» ыйгарышты. Аны шаар мэри М.А. Тагаев тапшырып, ЖАМУ ар дайым мэрия уюштурган коомдук иштерге активдүү катышып, жакындан көмөк көрсөтүп келгенин баса белгиледи.