AVN







ЖАМУнун МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КЫРГЫЗСТАН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРИНИН АССОЦИАЦИЯСЫ БОЛДУ

ЖАМУнун МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КЫРГЫЗСТАН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДЕРИНИН АССОЦИАЦИЯСЫ БОЛДУ
 Mar 30, 2019  683

ЖАМУнун медициналык колледжинде “Инновациялык санариптик технологияларды колонуу менен билим берүү ишмерлигин уюштуруу” окуу семинары болуп өттү. Ал Жалал-Абад шаарындагы медициналык колледждердин жана Ош мамлекеттик университетинин базаларында болду.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министригинин медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Жусупбекова Нурида жана Кыргызстандын бардык медициналык колледждеринин директорлору, администрацияларынын өкүлдөрү катышышты.

Келген коноктор семинар аяктаган соң, ЖАМУнун медициналык колледжинин материалдык - техникалык базасы жана AVN программасы менен таанышышты. AVN программасы боюнча А.Термечикова кеңири маалымат практика жүзүндө көрсөтүп, баяндап берди.  Кыргызстан медициналык колледждеринин ассоциациясы колледждин материалдык-техникалык базасына жана окуу процессин башкаруудагы AVN программасынын өздөштүрүлүүсүнө жогорку бааларын беришти.