AVN







МЫКТЫ КӨРСӨТМӨ КУРАЛ

МЫКТЫ КӨРСӨТМӨ КУРАЛ
 Mar 29, 2019  784

Филология факультетинин Кт-1-15 тайпасынын профилдик-базалык практикасын жыйынтыктоо жана Кт-1-2-16 тайпаларынын студенттерин адистик-базалык практикага жиберүү алдындагы конференция болуп өттү.

    Студенттердин профилдик базалык  практика учурундагы ишмердүүлүгүн баалоо максатында “ Мыкты сабак”, “Мыкты тарбиялык саат”,  “Мыкты көрсөтмө курал” номинациялары боюнча конкурс жарыяланып, усулчу окутуучулардын жана 3-курстун студенттеринин пикирлери боюнча мыктылар аныкталды.

   Ал эми Кт-1-2-16 тайпаларында жалпы 29 студент бар. Алар 2019-жылдын 1-апрелинен 5-майга чейин 5 жумалык мөөнөткө адистик-базалык практикасын өтөө үчүн  базалык мекемелер катары каралган шаарыбыздагы № 4, № 9 гимназиялага, № 14 лицейге, № 19 жалпы билим берүүчү  орто мектепке жана Сузак районундагы  № 6 Т.Темирбаев атындагы гимназияга жиберилди.

     Бул тууралуу кыргыз тили кафедрасынын  улуу окутуучусу Г.Ашимбаева кабарлады.

  • МЫКТЫ КӨРСӨТМӨ КУРАЛ