AVN







АНГЛИС ТИЛИНДЕ СЫНАК БОЛДУ

АНГЛИС ТИЛИНДЕ СЫНАК  БОЛДУ
 Mar 29, 2019  693

Жалал-Абад колледжинин Мектепке чейинки жана технология билим берүү бөлүмүнүн  англис тилчи окутуучулар тарабынан, англис тили адистигинде окуган  АТк- 01-18, АТк- 2-18, АТк -3-18 тайпаларынын арасында  «National Holiday Nooruz» аттуу сынак болуп  өттү. Чыгыш элдеринин жаңы жылы болгон “Нооруз” майрамына карата уюшулган.

Сынак  элибиздин  каада-салттарын, нарк-насилин англис тилинде жайылтуу, студенттердин  сүйлөө, ырдоо, бийлөө, чыгармаларды англис тилинде театрлаштыруу максатында өткөрүлдү .

Конкурс 5 тур менен өттү: 

 Кыргыздын  салтты болгон саламдашууну англис тилинде айтуу.

 Улуттук  майрам « Нооруздун»  тарыхын англис тилинде  сүйлөө.

 Улуттук кыргыз бийин бийлөө.

 Чыгармалардан  англис тилинде үзүндү аткаруу.

  Кыргыз улуттук тамак –аштарды англис тилинде сүйөп  көрсөтүп берүү.

Сынактын  шарттары боюнча: берилген тапшырмаларды  англис тилинде  туура так аткаруу. Калыстар тобу жобонун негизинде иш алып барышып, ар бир катышкан тайпалар 1  баллдык система менен бааланды.

Жеңүүчү болгон төмөнкү тайпалар  ЖАКтын  граммотасы менен сыйланышты.

1-орунга Ат 3-18 тайпасы ээ болду.

2- орунга Ат 2-18 тайпасы алды кийинки орун.

3- орунга Ат 01-18 тайпасы татыктуу болдуу.

  • АНГЛИС ТИЛИНДЕ СЫНАК  БОЛДУ
  • АНГЛИС ТИЛИНДЕ СЫНАК  БОЛДУ
  • АНГЛИС ТИЛИНДЕ СЫНАК  БОЛДУ