AVN

Аксы окуясы, Март, Апрель – Элдик революцияларга карата конференция өткөрүлдү

Аксы окуясы, Март, Апрель – Элдик революцияларга карата конференция өткөрүлдү
 Mar 29, 2019  840

ЖАМУнун Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында Аксы окуясы, Март, Апрель – Элдик революцияларга карата илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага окуу жайдын ректору, проректорлор, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Т.Ызабеков жана профессордук окутуучулук курам катышты. Анда элдик ынкылап жөнүндө илимий-баяндамалар окулуп, ыңкылаптын мамлекетке тийгизген терс жактары талкууланды.

ЖАМУнун ректору,т.и.д., профессор К.Ж.Усенов, Ы.Т.Ызабеков Элдик революциялардын терс жактары тууралуу кенири сөз сүйлөп, конференциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады.

Конференцияда илим жаатындагы окумуштуулар тарабынан илимий баяндамалар жасалып, революциянын Кыргызстандын өнүгүүсүнө, экономикасына тийгизген терс таасирлери тууралуу айтылды.

 Зулпукаров А.З. э.и.д., профессор «Март жана апрель революцияларынын экономикага тийгизген таасирлери»

Токтогулова Г.Т. ф.и.к., доцент «Элдик революциялардын илимий анализи»

Авазов Э.А. т.и.к., доцент «Март окуясы: Изилдөөлөр, ойлор      жана көз караштар»

 Назарбаева Б.С. т.и.к. «Аксы окуясын тарыхый аспектидеанализдөө»

Каратаева Б.К. «Март-апрель революцияларынын  Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы»

Абдыкадыров П.М. «Жалал-Абад облусунун экономикасына    Март, Апрель-революция-ларынын тийгизген таасири»

Усенов А.А. «Элдик революциялар – жаштардын көзү менен»

Жыйынтыгында жалпы коомчулукту биримдикке үндөшүп, мамлекетте тынчтык өкүм сүрсө гана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы чыңдаларын айтышты.

  • Аксы окуясы, Март, Апрель – Элдик революцияларга карата конференция өткөрүлдү