AVN







ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ

ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
 Mar 29, 2019  685

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи «Сүмөлөк – 2019” фестивалына катышты. Фестиваль  Президентибиздин жарлыгына ылайык “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, достукту даназалоо максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан уюшулган.

Жалал-Абад колджежинин эмгек жамааты жана студенттери  активдүү катышып, кыргыздын каада-салттарын көргөзүштү.  Анда, боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылып, кой союлуп  улуттук тамактар бышырылды. Фестивалдагы “Ордо сахнада” колледждин окутуучусу Токтораиев Данияр жана студенти Шамшидинов Самаган ыр ырдаса, башка окутуучулар жана студенттер “Кыз узатуу”, “Тушоо кесүү”  жөрөлгөлөрүн сахналаштырып элдин черин жазды. Ошондой эле улуттук спорт оюндар; “Аркан тартыш”, “Чүкө”,  “Кыргыз  күрөш”,  “Тогуз коргол” , “Топ таш” оюнундары фесивалга келген конокторго ойнотулду.

Жыйынтыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетине “УЛУТ СЫЙМЫГЫ” номинациясы ыйгарылды.

  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ
  • ЖАМУ УЛУТТУН СЫЙМЫГЫ