Биздин студенттер ар тараптуу өнүгүү жолунда. Алар илим менен билимди айкалыштырып, өз кесибинин эле чебер устасы эмес, маданият менен искусствонун кыйырында да өзүлөрүнүн ордун көрсөтүп келе жатышат. Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрында белгилүү драматург Жаныш Кулманбетовдун “Кыял” фантазиялык драмасы коюлду. Ушул күнү Республика боюнча театр күнү болгондуктан куттуктоо үчүн областтык аппарат жетекчилери да катышышты. Спектаклдин баш каарманы – Кыялдын ролун ЖАМУнун филология факультетинин студенти Ибайдуллаева Орозгүл, ал эми Ак куунун ролун ПМТФнын П-1-17 тайпасынын студенти Чынтемир кызы Сабиралар ойношту. Сабира Ак куунун аруулугун, таза сүйүүсүн, анан да сүйүүгө бекем шертин эң сонун жаратып бере алды. Ал эми Кыялдын образын жараткан Орозгүл өзүнүн акрисалык чеберчилиги менен көрүүчүлөрдүн барын жашытты. Алардын жаштык деми студенттик алтын курагы менен айкалышып, сахнада жашоонун өзгөчө стилин жарата алышты. Улуу педагог К.Д. Ушинский айткандай “Педагог - бул артист да болушу керек”. Силердин келечегиңер али алдыда, мүмкүн силер да улуу актриса энелерибиз-Татуубүбүдөй, Бакендей, Сабирадай, Мираидадай, Жамалдай чыныгы сахна жылдыздары болуп жанарсынар. Элдик сахнада тубаса чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтүп келе жатышкан, келечектен көптү үмүттөндүргөн мугалим-актриса студенттерибизге чын ден соолук жана ийгилик каалайбыз. Өнөрүңөр өркүндөй берсин, ЖАМУнун Ак куулары!