Жалал-Абад колледжинин “Социалдык иш” адистигинин студенттери Таза коом- дени сак улут аталышындагы жазгы ишембиликке катышышты. Бул тууралуу аталган адистиктин жамааты кабарлады.
Ишембилик "Октябрьский карыялар" үйүндө жашап жаткан карыяларга көмөк көрсөтүү тааризинде уюштурулуп, жалпысынан: бак-дарактарды актап-сырдоо, отун аралоо, кийим сортировка кылуу, жер тебүү, короо тазалоо, аны иретке келтирүү, гүл эгүү жана карыялар үйүнүн жашоочулары менен баарлашып, аларга ыңгайлуу оюн зооктор ойнотулуп иш-чара жыйынтыкталды.
“Жогорудагы адистиктин студенттери келечекте аярлуу катмар менен иштешишет. Андыктан азыртан эл менен кандай иштешүүнү, аларга туура мамиле жасоону үйрөнүшүудө” – дешет алар.
Эске салсак, иш-чара колледждин "Социалдык иш" адистигинин студенттери жана Элим, барсыңбы? Жалал-Абад коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте өткөрүлгөн.