AVN







ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ ЖАЙЫНДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ ЖАЙЫНДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
 Mar 28, 2019  708

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин  "Финансы жана кредит" кафедрасынын профессору Аманкул Зулпукаров Мардан Сапарбаев атындагы түштүк  Казахстан гуманитардык институтунун студенттерине  онлайн лекция өттү. Лекцияга аталган инститтуттун 1-курсунун ФКк-1-18, ГМУк-1-18 тайпаларынын студенттери катышып,  "Микроэкономика" предметинен, лекция "Рынок" аттуу темада болду.

Профессор А. Зулпукаровдун айтымында, Казахстан гуманитардык институтунан  координатор болуп э.и.к., доцент "Экономика" кафедрасынын башчысы А.А. Шадиева иш-чарага жардам берген.  Келишим боюнча 10 саат лекция пландаштырылган, анын ичинен 2 саат лекция  окулган.

“Коңшу мамлекеттер менен илим, билим тармагында да достук мамиледе болуп, эки  элдин жаштарына өз билимибизди үйрөтүп, илим жаатында ийгиликтерди жасасак дейм. Мугалим мөмөлүү дарак демекчи, артыбыздан  чыгаан жаштар өсүп, ийгиликтер жетишишсе мен сыймыктанам” – дейт А. Зулпукаров мырза.

  • ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ ЖАЙЫНДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
  • ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ ЖАЙЫНДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
  • ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ ЖАЙЫНДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ
  • ЖАМУнун ПРОФЕССОРУ КАЗАКСТАНДЫН ОКУУ ЖАЙЫНДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ