Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын профессордук-окутуучулары тарабынан уюштурулган “Студенттердин табигый материалдарды, инновациялык технологияларды натыйжалуу пайдалануу компетенттүүлүгү: теориялар, практикалар, тажрыйбалар” аталышында семинар болуп өттү. Семинарды окуу иштери боюнча проректор, профессор А.П. Алибаев ачып, ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К.Шамшиев, окуу бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор З.И. Сакбаева, БББТМ кафедрасынын башчысы С.С.Сакиевалар сөз сүйлөштү. Иш-чараны модераторлор доцент К.М. Ураимов жана улук окутуучу А.Э. Төрөбековалар алып барышты. Семинарга ЖАМУнун окуу-методикалык кеңешинин мүчөлөрү катышышты. Андан сырткары факультеттерден да алдыңкы тажрыйбалуу окутуучулар чакырылган. Семинардын программасына ылайык атайын топтор менен иштөө болду. 1-топту доцент К.М. Ураимов, А.М. Термечиковалар жетектеп, анда каллиграфия дисциплинасы боюнча интерактивдүү доска менен иштөөнүн технологиясы көрсөтүлсө, окутуучу С.Ж. Борошов музыканын сырларын тең бөлүштү, ал эми окутуучу А.А. Акматов, сүрөт боюнча сыйкырдуу боёктордун касиетин көрсөтсө, улук окутуучу А.Э.Төрөбекова көрсөтмө куралдарды даярдоодо материалдарды сарамжалдуу пайдаланууну, окутуучулар А.К. Шишкараева, Раимкул кызы А. жаратылыш материалдарын пайдаланып көрсөтмө куралдарды жасоонун технологияларын мастер-класс түрүндө көрсөтүштү. Иштин жүрүшүндө 5 топтун иши кызуу талкууланып, ар бир топ өз ишинин негизинде презентация жасашты. Семинардын катышуучуларынын ой-пикирлери боюнча бул иш-чара абдан кызыктуу жана активдүү болгондугун белгилөөгө болот. Анткени интерактивдүү доска менен иштөөдө, жаратылыш материалдарын пайдаланып, ар кандай буюмдарды жасоодо, ошондой эле музыка жана сүрөт дүйнөсүндө балалыкка кайрылып барган сезимдерин билдиришти. Жыйынтыгында бул жолку семинар башка семинарларга салыштырмалуу окутуп-үйрөтүүнүн методикасы жана технологиясы жагынан да өзгөчөлөнгөндүгү баса белгиленди. Ушул багыттагы семинарларды башка факультеттерде да жайылтуу сунуштары айтылды. Семинардын катышуучулары кафедранын жамаатына терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты.