AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Mar 26, 2019  694

Жалал-Абад колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмүнүн “укук таануу” секциясында 23-март күнү УТк-01-17 жана УТк-2-16 тайпалары үчүн уюштурулган иш берүүчүлөр менен биргеликте диплом алдындагы практиканын рефлекстүү конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга иш берүүчүлөр тарабынан Сузак райондук соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмүнөн, Жалал-Абад шаардык сотунан, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан,  Жалал-Абад областтык адвокатурасынан өкүлдөр катышып студенттерде кесиптик компетенцияларды калыптандырууда өз мекемелеринин ролун айтып өтүштү.

   Практиканы жакшыртуу максатында иш берүүчүлөр жана студенттер тарабынан ар кандай сунуш-пикирлер айтылып суроо-жооптор жүргүзүлдү.

    Конференциянын учурунда иш берүүчүлөр жана студенттер  программа боюнча түзүлгөн  анкеталарды толтурушту.

Жалал-Абад колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмү тарабынан бөлүмдүн жетекчиси  Джураева Д.К., “укук таануу” секциясынын жетекчиси  Сабиралиева Г.М., «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмүнүн практика жетекчиси Абдрашева У.А., “укук таануу” секциясынын окутуучусу , практика жетекчиси  Сатылганов Б.Ы., окутуучу Эргешова Н. катышышты.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ