AVN







ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫНДА 11-ДИССЕРТАЦИЯ КОРГОЛДУ

ХИМИЯ  КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫНДА  11-ДИССЕРТАЦИЯ КОРГОЛДУ
 Mar 25, 2019  645

«Химия» кафедрасынын окутуучусу Маматураимова  Назгуль Абдулмиталиповнанын“Цинктин, кобальттын жана никелдин гексаметилентетрамин менен координациялык бирикмелеринин синтези, түзүлүшү жана касиеттери” темасында 02.00.01 – органикалык эмес химия  адистиги боюнча химия илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү коргоду.  Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Нуржан Арстанбекова билдирди.

Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Химия жана фитотехноло-гиялар институтунун  Д 02.17.561 диссертациялык кеңешинде даражасын коргоду. Биздин кафедрада 11-диссертация корголуп, прфессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалы өсүүдө. Жаштардын илимге тартылып, ар кандай илимий ачылыштарды жасап жатканы кубандырат – дейт ал.

Анын илимий жетекчиси: х.и.д.,проф. Д.Алтыбаева.        Н.Маматураимова 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу факультетин аяктап, «Биология жана химия адистиги боюнча окутуучу» квалификациясына ээ болгон. 2003-жылдан бери “Химия” кафедрасында улук лаборант, лаборатория башчысы, 2011-жылдан бери окутуучу болуп эмгектенип келүүдө.     Илимий иштеринин жыйынтыгы менен 1патент, 10 илимий макалалар жарыяланган.

Н.Маматураимова чың ден соолук, мындан аркы илимий иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!