AVN







ХИМИЯ БОЮНЧА УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ХИМИЯ БОЮНЧА УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
 Mar 24, 2019  664

2019-жылдын 15-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин университеттик деңгээлдеги предметтер аралык олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиаданын ачылышына ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов, ИИ боюнча проректор ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышышты.

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынан Химия адистиги боюнча олимпиадага 8 студент, предметтик олимпиадаларга 4 студент катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы менен төмөндөгү студенттер университеттин 1-,2- жана 3- даражадагы дипломдору менен сыйланышты.

1-даражадагы диплом :

  1. Шокиржан кызы Мухаё – Х-1-14 тайпасынын студенти,

  2. Абдувахабов Абдужаббор – Х-1-17 тайпасынын студенти,

2-даражадагы диплом :

  1. Абдуллаева Юлдуз – Х-1-16 тайпасынын студенти,

3-даражадагы диплом :

Абдукахарова Кутлугбека – Х-1-16 тайпасынын студенти,

Активдүү катышкандыгы үчүн

  1. Бешкемпирова Назира–Х-1-16 тайпасынын студенти сыйланышты.

  2. Ошондой эле химия кафедрасынын студенттери башка предметтик олимпиадаларга да активдүү катышышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Алар, география предмети боюнча 1-орунду Х-1-17 тайпасынын студенти Алиева Айгерим; биология предмети боюнча 1-орунду Х-1-17 тайпасынын студенти Маданбекова Нурэл,2-орунду Х-1-17 тайпасынын студенти Абдувахабова Дилноза, активдүү катышкандыгы үчүн Х-1-17 тайпасынын студенти Султанбекова Гулбахор сыйланышты.

Жыйынтыгында Табигый-техникалык факультетинин “Химия”

кафедрасынан катышкан жалпы 12 студенттин 9 студенти байгелүү орундарды ээлешкендигин “Химия” кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова билдирди.

  • ХИМИЯ БОЮНЧА УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
  • ХИМИЯ БОЮНЧА УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
  • ХИМИЯ БОЮНЧА УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ