AVN







ЖАКтын Педагогика бөлүмү менен иш берүүчүлөрүнүн жолугушуусу

ЖАКтын  Педагогика бөлүмү  менен  иш берүүчүлөрүнүн    жолугушуусу
 Mar 22, 2019  647

Жалал –Абад колледжинин  Педагогика  бөлүмүндө мамлекеттик практиканын конференциясы жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Жалал-Абад шаарынынын  билим берүү башкармалыгынан методикалык кабинет башчысы Арапбаева Айдай, шаардын мектептеринин башталгыч класстар боюнча   директорлордун орун басарлары жана Башталгыч класстын мугалимдери келип катышышты. Бул жолугушууда бөлүмдүн окутуучулары,  студенттери,  иш берүүчүлөр башталгыч класстарда окутуунун жаңы стандарттары жөнүндө, адистиктин баалуулугу,  жумушка кабыл алуудагы талаптар, колледждеги билим берүүдөгү жетишкендиктер жана кемчиликтерди  талкуулашты.

Иш берүүчүлөр студенттердин бир нече суроолоруна жооп беришти. Студент-практиканттар менен иш берүүчүлөр топторго бөлүнүшүп окутуунун методикалык, практикалык, педагогикалык жана жалпы билим берүүчүлүк боюнча мастер класстарды презентациялашты.

Жалал-Абад шаарынынын  билим берүү башкармалыгынын  методикалык кабинет башчысы Арапбаева Айдай студент -практиканттарды заманбап технологияларды колдонуу менен сабак өтүүгө чакырып, окууларына ийгиликтерди каалап, бүгүнкү жолугушуу студенттер үчүн  келечекте ишке жайгашууда  эң маанилүү суроолор  талкууланганын айтып өттү.

Шаардын №14С.Давлетов атындагы инновациялык-гимназия мектебинин башталгыч классынын окутуучусу  Мирзаева Манзура  студенттерди өз кесибин сүйүүгө,  изденүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө жана эне тилди өнүктүрүүнү  белгилеп  кетти.   Ошондой эле шаардын  мектептеринин башталгыч класстар боюнча   директорлордун орун басарлары бүгүнкү жолугушууну уюштурган Педагогика  бөлүмүнүн окутуучуларына  өз   ыраазычылыктарын  билдиришти.

  • ЖАКтын  Педагогика бөлүмү  менен  иш берүүчүлөрүнүн    жолугушуусу