AVN

ТАБИГЫЙ – ТЕХНИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ «КЕЛ НООРУЗУМ» МАЙРАМЫ

ТАБИГЫЙ – ТЕХНИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ «КЕЛ НООРУЗУМ» МАЙРАМЫ
 Mar 22, 2019  720

Табигый –техникалык факультетинде 20 март күнү  окутуучулар жана студенттер менен биргеликте «Кел Ноорузум» аттуу иш чарасы өткөрүлдү. 

Анда Улустун Улуу күнү Нооруз майрамы менен аталган факультеттин деканы Ж.Б. Шамиев жалпы жамаатты куттуктап, аларга ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалап өттү. Ошондой ар бир кафедранын башчылары куттуктоо сөзгө чыгып, ЖАМУнун жалпы жааматына биримдикти, ынтымакты жана студенттердин окууларына ийгиликтерди каалоо менен аруу тилектерин айтышты.

Концерттин жүрүшүндө таланттуу студенттер ыр ырдап, кыргыздын улуттук бийлерин бийлешип, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Жакшы куттуктоолордон кийин ЖАМУда өткөрүлгөн студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды.    

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары, “Биология” кафедрасынын улук окутуучусу   Алтынай    Болотованын айтымында майрамдын соңунда “Жаштардын деми” аттуу флешмоб болуп, майрам жыйынтыкталды. Мындай иш-чара жыл сайын салт катары уюшулуп, жаштарга кыргыз элинин салт-санаалары, үрп-адаттары көргөзүлүп келет.                       

  • ТАБИГЫЙ – ТЕХНИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ «КЕЛ НООРУЗУМ» МАЙРАМЫ