AVN







ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ
 Mar 20, 2019  719

Филология факультетинин  Англис тили жана адабияты кафедрасына АКШнын Минисота штатынан келген илимпоз Эндрю Вайнер жана англис тили мугалими Жулия Вайнер Нооруз майрамына  катышты. Алар кыргыз элинин үрп-адат, каада-салттары менен жакындан таанышып, өздөрүнүн танкалуусун жашырышкан жок. Мындай кабарды аталган кафедранын башчысы Айша Калмуратова билдирди.

Чыгыш элинин жаңы жылы болгон “Нооруз” майрамына карата Ангилс тили кафедрасы тарабынан уюшулган.  Иш-чарада студенттер даярдаган кыргыз каада-салттары көргөзүлүп, ырлары  ырдалып,  бий бийленди жана  манас айтылды. Ошондой эле кыргыз элинин эзелтен бери келген улуттук тамактарынын түрлөрү тартууланды.

Илимпоз Эндрю Вайнер алас салуу жана манас айтууга таң калып, алардын мааниси менен таанышты. Андан сырткары кыргыз даамдарынан татып көрүп, даадуулугуна суктанып, жасалуу жолдорунан маалымат алды.

Чет элдин билим берүү тармагындагы инсандар менен бирге иштешүү менен катар, өз өлкөбүзгө турстердин келүүсүнүн санын өстүрө алабыз. Андан сырткары Кыргызстан жөнүндө маалыматтар берилип, мамлекетти дүйнө элдерине таанытууга салым кошо алабыз деген ойду карманышат алар.

  • ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ
  • ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ
  • ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ
  • ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ
  • ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ ТАҢ КАЛТЫРГАН НООРУЗ