AVN







Ата-энелер менен жолугушуу алкагында

Ата-энелер менен жолугушуу алкагында
 Mar 20, 2019  744

Медициналык колледжинин “Дарылоо иши жана Стоматология” бөлүмүнүн 3-курсунун Стом-1-16, Стом-2-16, Стом-3-16 тайпаларынын кураторлору А.Исаков, А.Искендеров, Л.Самидиновалар ата-энелер менен жалпы чогулушун өткөрүштү.

Колледждин директору б.и.к. доцент А.Эгембердиева сөз сүйлөп, студенттердин окуудагы жетишүүлөрү, окутуудагы билим сапаттарынын айкалыштарына токтолду.

Чогулушта колледждин окутуучулук жамааты менен ата-энелердин ортосунда кызуу талкуулар жүрүп, негиздүү пикир аламашуулар болду.

Жыйында каралган эң орчундуу маселе- бул студенттердин окууга болгон кызуугусун арттыруу, сабактарга толук катышуусу жана келечекте мыкты адис болуп жетишүү үчүн жасалуучу аракеттерди талкуулоо болду.

Жыйынтыгында чогулушка келген ата-энелер жалпы колледжге ийгилик каалашып, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Ал эми Стом-16 тайпаларынын мыкты студенттеринин ата-энелерине колледж тарабынан ыраазычылык кат берилди.

  • Ата-энелер менен жолугушуу алкагында
  • Ата-энелер менен жолугушуу алкагында