AVN







ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ

ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
 Mar 20, 2019  634

Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Кыргызстанда аткарылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун эл аралык эксперти Томас Блэк, улуттук эксперттер Бекбоева Рахат, Уманкулова Онола жана долбоор адиси Баширова Масума баштаган топ Жалал-Абад колледжинде болуп кетишти. Мезгил талабы болгон компетенттүүлүктүннегизинде (ОКО) жана жумуш ордунда окутуу (ОРМ) боюнча “Алдыңкы тажрыйба борборунун” жумуш берүүчүлөрдүн кесипкөй адистерге болгон суроо-талабын канаатандыруудагы даярдыгы менен мүмкүнчүлүктөрү жана тоскоолдуктары  иликтөөгө алынды. Андан сырткары студенттердин практика өтүүчү ишканаларынын абалы менен дагы жакындан таанышышып, студенттер менен баарлашууну өткөрүштү. Жыйынтыгында курамында иш берүүчүлөрдөн, практиктерден жана адис мугалимдерден турган техникалык жумушчу топ (ТРГ)түзүлүп алар биргеликте “Электр системалары, түйүндөрү жана станциялары”, “Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системанын программалык жабдылышы” жана “Авто унааларды техникалык тейлөө жана ремонттоо” адистиктерине кесиптик стандарттарды түзүү боюнча иш алып бараары белгиленди.  Бул туурасында “Техникалык жана маалыматттарды иштетүү” бөлүмүнүн башчысы Асылбек Кочкорбаев билдирди.

Эске салсак Жалал-Абад колледжи Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Азия Өнүктүрүү Банкынын  колдоосу менен аткарып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун активдүү катышуучусу жана “Алдыңкы тажрыйба борбору” болуп саналат. Долбоордун максаты – рынок жана ишкерчиликке багытталган кесиптик билим берүү жана окутуунун инклюзивдүү системасын түзүү. Долбоор өнөктөштөрү: КРсынын каржы министрлиги, Экономика министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, КРсынын соода-өнөр жай палатасы, жаш ишкерлер ассоциациясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдары. 

  • ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
  • ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
  • ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
  • ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ
  • ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА УЛУТТУК ЭКСПЕРТТЕР ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ