AVN







АНГЛИС ТИЛИ -ААЛАМГА КӨПҮРӨ ТИЛ

АНГЛИС ТИЛИ  -ААЛАМГА КӨПҮРӨ ТИЛ
 Mar 20, 2019  639

Филология факультетинин Англис тили жана адабияты кафедрасында 19-март күнү АКШнын Минисота штатынан келген илимпоз Энди Вайнер жана англис тилиги мугалими Жулия Вайнер студенттерге сүйлөө кеби предмети боюнча сабак өттү. Ага аталган кафедранын 3-курсунун студенттери катышты.

Сабакта Америка элинин жана кыргыз элинин улуттук маданиятынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилип, талкууланды.  Окуу системасындагы артыкчылыктарга басым жасалып, бир канча өзгөчөлүктөрдү айтты. Анын ичинен мектеп жашында эле балдар кайсы багыттагы предметтик багыт боюнча билим алышат өздөрүнүн тандоосуна коюлат. Жаштайынан китеп менен иштөөгө көбүрөөк көнүл бөлүнүп, дүйнө таанымын кеңейтүүгө үндөшөт. Билим алуу инвестиция, андыктан жаш кезде билимиңерди тереңдетип, өз өлкөнөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымыңарды кошкула –деген кеңештерин айтып өтүштү.

Ал эми бул сабакка жалпы 40тан ашуун студент катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун берүү менен жеринде жоопторун алышты. Мындай сабактарды алдыда дагы уюштуруп, билим берүүнүн сапатын көтөрөбүз – дешет жогорудагы кафедранын окутуучулары.

Эске салсак, буга чейин Коллин Вуд келип, студенттерге “сынчыл ойлом стратегиясы” боюнча семинар өткөн. Ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын айрымачылыктары жөнүндө илимий иштин үстүндө иштейт.

  • АНГЛИС ТИЛИ  -ААЛАМГА КӨПҮРӨ ТИЛ
  • АНГЛИС ТИЛИ  -ААЛАМГА КӨПҮРӨ ТИЛ
  • АНГЛИС ТИЛИ  -ААЛАМГА КӨПҮРӨ ТИЛ
  • АНГЛИС ТИЛИ  -ААЛАМГА КӨПҮРӨ ТИЛ