AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Mar 18, 2019  637

Жалал-Абад колледжинин Мектепке чейинки билим берүү жана технология бөлүмүнүн жалпы жамааты аталган адистикте билим алган студенттердин ата-энелери менен жолугушту. Жолугушуу үстүбүздөгү жылдын15-мартта Жалал-Абад колледжинин  418-аудиториясында болуп, ага 30 ата-эне катышты.   Жыйынга  колледждин  тарбия  иштери  боюнча  директордун орун басары Маматумаров Абубакир аталган бөлүмдүн   башчысы Талипова Динара жана окутуучулук курам  катышкан. 

 Жолугушуу ар жылы салт катары уюшулуп келет, ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, кесиптик билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуулар болду – дейт бөлүмдүн башчысы Д. Талипова. Бул иш чарада окуу жайдын  корпусун тааныштыруу,  аккредитатция боюнча түшүнүк берүү  ошондой эле   ата-энелер  комитетин  шайлоо жана   ар түрдүү маселелер каралды.

 Жыйынтыгында ата-энелер комитетинин төрагасы болуп, Ходжаева Тажикан, Камилова Зулхумар, Баялиев Жумабай, Саматова Замира шайланышты.

Эске салсак, аталган бөлүмдө жалпы 8 тайпа бар болсо, анда 160дан ашык студент билим алат. Бул жыйынга Мектепке чейинки билим берүү тайпасынын 1-2-3-курстарынын студенттеринин ата-энелери катышканын айтат Д. Талипова.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ