AVN







ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН

ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН
 Mar 18, 2019  926

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери  “Таза коом – таза шаар үчүн” ураанынын астында ишембиликке чыгышты. Ишембиликтин алкагында Курманбек фольклордук талаасын айланасын таштандылардан тазалап, көрктөндүрүп жашылдандыруу жумуштары жүрүп, “Ноорум” майрамын өткөрүүгө даярдашты. Мындай маалыматты ЖАМУнун Жаштар комитетинен билдиришти.

“Жаштардын шаары Жалал-Абад демекчи, калаабыз жыл сайын жашарууга, жаңыланууга тийиш. Андыктан жаштар шаарыбыздын тазалыгына кам көрүп, 3 ай бою ишембиликке чыгып турушат. Ошондой эле ЖАМУнун студенттери жергиликтүү бийлик тарабынан уюшулган коомдук иштерге активүү катышып, социалдык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп  келишет” – дешти комитеттен.

 Шаарыбыздын тазалыгы учун кайдыгер карабаган студенттер жигердүү, ынтымактуу иш алып барышты. Ишембилик сонунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан  студенттерге ыраазычылык сөздөрүн айтып, 20-мартта өтүүчү  "Нооруз" майрамына арналып уюштурулуп жаткан сүмөлөк фестивалына чакырышты.

  • ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН
  • ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН
  • ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН
  • ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН
  • ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН
  • ТАЗА КООМ – ТАЗА ШААР ҮЧҮН