AVN







Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Б.М.Боркоев ЖАМУда химиктерге конок лекция окуду

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  профессору Б.М.Боркоев ЖАМУда  химиктерге конок  лекция окуду
 Mar 18, 2019  744

Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасында  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Б.М.Боркоев «Жаңы материалдардын структурасы, касиеттери» боюнча химия адистигинин студенттерине конок лекция окуду.  Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Нуржан Арстанбекова кабарлады.

Лекциянын негизги максаты студенттердин кесипке, илимге болгон  кызыгуусун арттыруу болду.  Лектор илимдин өнүгүшүнүн ар бир  этаптарына токтолуу менен  азыркы кездеги жаңы материалдар, алардын каситтериндеги өзгөчөлүктөрүнө  кеңири токтолуп, студенттерди кызыктырган  суроолоруна жооп берип, мындан ары да лекцияларды окуп берүүгө даяр экендигин айтып өттү.

Эске салсак, Б.М. Боркоев Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Химия” кафедрасынын башчысы, илим иштери боюнча проректор жана окуу иштери боюнча проректор кызматын аркалаган. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору жана ЖАМУ менен тыгыз байланышта иш алып барып келет – дейт Н. Арстанбекова.

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  профессору Б.М.Боркоев ЖАМУда  химиктерге конок  лекция окуду
  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  профессору Б.М.Боркоев ЖАМУда  химиктерге конок  лекция окуду
  • Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  профессору Б.М.Боркоев ЖАМУда  химиктерге конок  лекция окуду