AVN







ЧЫЛЫМСЫЗ СПОРТ

ЧЫЛЫМСЫЗ СПОРТ
 Mar 16, 2019  671

Кыргыз Республиасынын жогорку окуу жайлар ортосунда  “Чылымсыз спорт” ураанынын алкагында универсиада  Бишкек шаарында 27-февралдан 20-апрелге    чейин старт алды. Анда 33 республикалык окуу жайлар катышып, спорттун 24 түрү боюнча мелдеш өтөт. Жалал-Абад  мамлекеттик университети спорттун 22 түрү боюнча катышууда – дейт ЖАМУнун “Ден соолук” борборунун жетекчиси Низамидин Абдурахимов.

“Биздин студенттер спорттун эркин күрөш, волейбол, тогуз коргол, шахмат, стол үстүндөгү теннис, боскетбол, улуттук күрөш, греко-рим күрөшү, дзюдо, ордо, бокс, сууда сүзүү, кичи футбол, жеңил атлетика жана нармотивдик мелдеш боюнча күч сынашат. Таймашка окуу жайда билим алып жаткан балдар-кыздар командасы катышууда” – дейт Н. Абдурахимов.

Эске салсак,  аталган универсиада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик  агенттигинин “Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча  дирекциясы” уюштурууда. Жаштарды спортко тартуу максатында ар жылы уюштурулуп келет.

  • ЧЫЛЫМСЫЗ СПОРТ
  • ЧЫЛЫМСЫЗ СПОРТ
  • ЧЫЛЫМСЫЗ СПОРТ