AVN







ОЙ-ӨРҮШҮ КЕНЕН СТУДЕНТ

ОЙ-ӨРҮШҮ КЕНЕН СТУДЕНТ
 Mar 16, 2019  632

Жалал-Абад колледжинде 12-март күнү«Региондорду өнүктүрүү жана мамлекетти санариптештрүү” жылына   карата колледжде  окуган студенттер арасында “Даанышман” интеллектуалдык оюнунда Нурлан уулу  Байыш “Ой-өрүшү кенен студент” номинациясына ээ болду. Оюндун максаты студенттердин арасындагы,  ынтымакты, достукту  жана биримдикти чындоо, студентерди коомдо, жашоодо активдүүлүгүн арттыруу – дейт колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Маматумаров.

Ал эми интеллектуалдык оюнда  колледждин окутуучулары  Н.Ташматова жана  методикалык иштер боюунча инспектор  А.Камбаралиева, ЖАМУнун Жаштар комитетинин “Даанышман” интеллектуалдык оюунун жетекчиси калыстык кылышты. 

Колледжде 6 бөлүм болсо, таймашка ар бир бөлүмүнөн командалар катышып, өздөрүнүн интеллектуалдык деңгээлин, билимин, ой-өрүшүн көрсөтө алышты. Жыйынтыгында 1-орун  Педагогика бөлүмүнүн  “Билим” командасы,  2-орун Техника жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнөн ”Биримдик” командасы, 3-орун Тигүү буюмдарды конструкциялоо жана табият таануу бөлүмүнүн  “Кыргызстан” командасы  ээледи. Калган командалар кызытыруучу сыйлыктарга ээ болушту.  Ошондой эле “Ой-өрүшү кенен студент” номинациясын “Биримдик” командасынын оюнчусу Нурлан уулу  Байыш жеңип алды.

  • ОЙ-ӨРҮШҮ КЕНЕН СТУДЕНТ
  • ОЙ-ӨРҮШҮ КЕНЕН СТУДЕНТ
  • ОЙ-ӨРҮШҮ КЕНЕН СТУДЕНТ