AVN







ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БИЗ КАЛПАКТЫ КИЙИШИБИЗ КЕРЕК?

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БИЗ КАЛПАКТЫ КИЙИШИБИЗ КЕРЕК?
 Mar 16, 2019  685

Табигый-техникалык  факультетинде 2019-жылдын 11 мартында  3- март «Мамлекеттик туу» жана 5- март «Ак калпак»  күндөрүнө карата «Эмне себептен биз калпакты кийишибиз керек жана менин туум, менин желегим, менин сыймыгым» аттуу студенттер арасында конференция өткөрүлдү. Мында ар бир кафедрадан, адистиктен 2 ден студент катышып «Ак калпак- кыргызымдын улуттук баш кийими» жана «Менин туум, менин желегим»  аталышта баяндамаларга сынак жарыяланган.       

         Бул конференцияга бардык кафедра башчылары катышты жана ТТФнын деканы т.и.к.доцент Ж.Б. Шамиев ачып берди. Бул иш чараны өткөрүүгө декандын тарбия иштери боюнча орун басары улук окутуучу  А.С. Болотова жана кафедралардын тарбия кураторлору катышты.

    Мында факультеттин окутуучулар жамаатынан калыс окутуучулар шайланды: «Электр менен камсыздоо» кафедрасынын башчысы .т.и.к. доцент Т.Э Белеков жана «Ветеринардык медицина» кафедрасынын  башчысы, в.и.к. доцент Б.С. Орозбаев натыйжада мыкты баяндама окугандыгы үчүн Б-1-15 тайпасынын студенти Алимырза кызы Нуриза, Х-1-17 тайпасынын студенти Маданбекова Нурэл жана Г-1-15 тайпасынын студенти Каримова Зарина факультеттин грамотасы менен сыйланышты. Ал эми Б-1-17 тайпасынын студенти Абдимамат уулу Курманбек жана Г-1-15 тайпасынын студенти Нурлан кызы Дамира активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты. 

  • ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БИЗ КАЛПАКТЫ КИЙИШИБИЗ КЕРЕК?
  • ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БИЗ КАЛПАКТЫ КИЙИШИБИЗ КЕРЕК?
  • ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БИЗ КАЛПАКТЫ КИЙИШИБИЗ КЕРЕК?