AVN







ЖАМУДА БЕЛГИЛҮҮ АКАДЕМИКТЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

ЖАМУДА БЕЛГИЛҮҮ АКАДЕМИКТЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
 Mar 16, 2019  692

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги А.А.Бөрүбаев, КР УИАнын корреспондент-мүчөлөрү К.А.Алымкулов, П.С.Панковдун катышуусунда  Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. «Бекболотовдук окуулар-2019» аталышындагы Эл аралык илимий–практикалык конференция окуу жайдын Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында орун алып, анда  КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер т.и.д., профессор Т.Бекболотовду жана окуучусу т.и.к., доцент З.Ж.Раев  эскерилди. Мындай маалыматты университеттин илим иштери боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев билдирди.

ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов ардактуу конокторго ыраазычылык билдирүү менен Т.Б.Бекболотов жана анын окуучусу З.Ж.Раев тууралуу кенен сөз сүйлөп, конференцияга ийгиликтерди каалады. Академик А.А.Бөрүбаев Т.Б.Бекболотовдун илимге, университетке кошкон салымын жана бийик адамдык сапаты тууралуу эскермелерди айтты. Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды.

 

Алымкулов А.К. – «Кыргыздардын - Көрөгөч даанышман ата – бабалары жөнүндө»

Панков П.С. - «Бекболотов Т.Б. и развитие информационных технологий развитие»

Аширалиев А.-«Балалык кыялдануунун окумуштуунун ишинин жыйынтыктарына тийгизген таасири»

13 секция иш алып барып, 175 доклад окулду.

Жыйынытыгында мыкты баяндамалары үчүн окумуштуу жана студенттер

I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Турсунбек  Бекболотов Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1996-1999-жылдары ректорлук кызматын аркалып, окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон. Ошондой эле университет болуп түптөлгөндөн кийинки экинчи ректор болуп саналып, окуу жайдын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып турат – дейт К.С. Алыбаев.

Ал эми анын окуучу Замирбек Раев да аталган окуу жайда эмгектенип, бир катар кызматтарды аркалоо менен чыгаан студенттерди тарбиялаган, окуу жайдын илимий потенциалын көтөрүүгө көмөк көрсөткөн инсан катары тарыхыбызда калды – деген оюн кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, “Бекболотовдук окуулар” аталышындагы илимий-практикалык конференция жыл сайын салт катары окуу жайда өткөрүлүп келет.

  • ЖАМУДА БЕЛГИЛҮҮ АКАДЕМИКТЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
  • ЖАМУДА БЕЛГИЛҮҮ АКАДЕМИКТЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
  • ЖАМУДА БЕЛГИЛҮҮ АКАДЕМИКТЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
  • ЖАМУДА БЕЛГИЛҮҮ АКАДЕМИКТЕРДИН КАТЫШУУСУНДА ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ