AVN







ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ

ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ
 Mar 16, 2019  600

ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын «Социалдык иш» багытында окуган СКк-1-17 тайпасынын профилдик практикасынын конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга  Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Ж. Калыев, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси Н.А. Жакыпова, К.Ш. Токтоматов атындагы Жалал-Абад эл аралык университетинин профессору Ж.А. Дуйшеев, Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын ага окутуучусу Ж.Ж. Бейшенбаев, сапат бөлүмүнүн башчысы Г.С. Токоева, Өндүрүштүк практика бөлүмүнү башчысы Ч.М. Бабакулова ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К.  Шамшиев, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Конференцияны профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын башчысы Г.Т. Токтогулова студенттердин алдыдагы практикасына ийгилик каалап конференцияны ачып берди.

Практиканын  жетекчиси Айнара Куванычбек кызы профилдик практикага керектелүүчү докумменттер менен студенттерди камсыздап практиканын программасы боюнча маалымат берди.

Студенттерди кызыктырган суроолорго практика өтөлүүчү мекемелердин өкүлдөрү жеринен жооп беришти жана студенттерге практика учурунда өз жардамдарын берерин белгилеп өтүштү.

СКк-1-17 тайпасында 14 студент окуйт, алар Жалал-Абад шаардык социалдык фонд,  Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында 18-марттан 23-мартка чейин профилдик практикасын өтөшөт.

  • ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ