AVN







МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ

МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
 Mar 14, 2019  566

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитети жаштарга майрамдык концерт тартуулашты.  Концерт 5-март "Ак калпак" жана 8-март айымдардын эл аралык майрамына карата уюштурулганын билдиришти аталган комитеттен.

Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбайдын айтымында концерттик программа ачык форматта өтүп, таланттуу студенттерибиз өз өнөрлөрүн тартуулоо менен биргеликте оюндар ойнолган. Университеттин тапкыч тамашакөй студенттеринен тамашоучулар курамы түзүлүп, алардын тамашалары бул күнү көпчүлүккө тартууланды. Ошондой эле  жаштар үчүн дискотека болду.

Ар майрамда комитет тарабынан түрдүү оюн-зооктор уюштурулуп келет, бул менен жаштардын биримдиги, ынтымагы чыңалат – дешет алар.

  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ
  • МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ