AVN







КАРЫЛАРДЫ СЫЙЛАЙЛЫ

КАРЫЛАРДЫ СЫЙЛАЙЛЫ
 Mar 14, 2019  803

Табийгый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын студенттери менен   Багыш айыл өкмөтүндөгү карылар үйүнүн жашоочуларынан кабар алышты. Аталган кафедранын Б-1-15 тайпасынын студенттери жана Биология кафедрасынын окутуучусу Б.Жээнбекованын уюштуруусу менен “Карысы бардын ырысы бар” жана  “Карыларды сыйлайлы” деген аталыштагы демилге менен жогорудагы үйдүн тургундарын   жаз майрамы менен куттуктап белектер берилип, чакан концерт тартуулашты.

Мындай маалыматты  Биология кафедрасынын кафедра башчысы б.и.к., доцент Асан Токторалиев  билдирди.

Элибизде “Кары келсе ашка жаш келсе ишке”  деген макал  сөз  жөн жеринен  айтылып калбаса керек.  Себеби ак сакалдуу  аталардын акылы тунгуюктан  жол таап,  келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды  туура жолго  тарбиялап келишкен. Бул демилгени уюштуруунун дагы бир себеби азыркы өсүп келе жаткан жаш муундарды карыларды сыйлоого, урматтоого чакыруу болуп саналат. Ошондуктан улгайган ата-энелерди жаз  майрамына карата “Карыларды сыйлайлы” аттуу  чакан концерт уюштурулуп, белектер менен  сыйлашты. “Мындай иш аракеттедин натыйжасында, жаштарды мээримдүүлүккө, ата-энени сыйлап, улгайган ата-энесин камкордукка алууга үндөй алабыз” – деди ал.

  • КАРЫЛАРДЫ СЫЙЛАЙЛЫ
  • КАРЫЛАРДЫ СЫЙЛАЙЛЫ