AVN







Маалымат технологияларынын коомго тийгизген оң жана терс таасири

Маалымат технологияларынын коомго тийгизген оң жана терс таасири
 Mar 13, 2019  715

Жалал-Абад колледжинин «Техникалык жана маалыматтарды иштетүү» бөлүмүнүн БАСк-2-17, БАСк-01-18, БАСк-02-18 тайпаларынын студенттеринин арасында «Маалымат технологияларынын коомго тийгизген оң жана терс таасири» деген темада, БАС адистигин окутуучуларынын жетекчилиги астында, дебат өткөрүлдү.

Аталган бөлүмдүн башчысы Асылбек Кочкорбаев эзелтен элибиз сүйлөө маданиятына көңүл бөлүп, жаштарды маданияттуулукка үндөп келишкен. Бүгүнкү дебатты уюштуруунун бирден-бир максаты дагы жаштарды өз оюн ачык, жеткиликтүү жана маданияттуу сүйлөөгө үйрөтүү экенин айтат. “Студенттер чыгып сүйлөөдө кеп маданиятын сактоо менен тема боюнча өз ойлорун конкреттүү далилдер менен тастыкташты. Жаштар Президентибиздин «Региондорду өнүктүрүү жана мамлекетти санариптештирүү жылы » деп жарыялаган  Жарлыгына аз да болсо өз салымдарын кошо алышты” – деп кошумчалады ал.

Дебатка судья болуп ЖАКтын спикери Хамидиллаева Н, таймкипер: Боржиева А. Эксперт: Нурлан уулу Байыш катышышты.

  • Маалымат технологияларынын коомго тийгизген оң жана терс таасири
  • Маалымат технологияларынын коомго тийгизген оң жана терс таасири