AVN







МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ

МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Mar 13, 2019  746

Жалал-Абад колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш» бөлүмүнүн Социалдык иш секциясынын окутуучулары Ош МУнун Финансы-юридикалык колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш» кафедрасында окутуучулары менен жолугушушту. Жолугушуунун максаты тажрыйба алмашуу – деп билдирди бөлүмдүн окутуучусу А.А.Ташматова.

Тажрыйба алмашууну көздөп, Социалдык иш секциясынын окутуучулары А.А.Ташматова , А.А.Усенов, Н.Н.Сатымкулова жана адистиктин студенттери  барышкан. Мында ОКББ 040101-«Социалдык иш» адистигинин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин ортосунда жолугушуу болду. Жолугушууда студенттер бири-бири менен кеңири таанышып, достук мамилелерин чыңдоого жетишишти. Ал эми окутуучулар А.А.Ташматова, А.Усенов, Н.Самымкуловалар ОшМУнун «Укук таануу жана социалдык иштер» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен биргеликте НББПдагы сапаты, өзгөчөлүктөрдү жана перспективалары боюнча талкуулашты – дейт А. Таштанова.

Орто кесиптик билим берүүдөгү «040101-Социалдык иш» адистиги боюнча орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартындагы жана социалдык иштерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик стандарттардын өзгөчөлүктөрүн белгилешип, жаңы окуу жылынан мобилдүүлүктү ишке ашыруучу бирдей НББП түзүү каралды. Тышкы байланыштарды күчөтүү максатында алдыга көптөгөн  пландарды коюшканын айтат алар.

  • МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ