AVN







КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР

КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР
 Mar 12, 2019  1059

Үстүбүздөгү жылдын 7-март күнү ЖАМУнун Педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасы «Кана эмесе кыздар» аталышындагы спорттук мелдеш уюштурду. Мелдеш кыздар арасында өтүп, үч команданын ортосунда  таймаш жүрдү.

         Иш-чара 8-март эл аралык аялдардын майрамына карата уюштурулуп, волейбол, кол күрөш түрлөрү боюнча күч сынашышты. Иш чарага социалдык иш багытында окуган студенттер катышты. СКк-1-16, СКк-1-17 тайпаларынан бирден жана Жалал-Абад колледжинин социалдык иш адистигинен бир командалар катышты. Катышуучулар төмөндөгүдөй орундарды ээлешти – дейт аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулова.     

Волейбол:

  1. Социалдык иш (ЖАК)
  2. СКк-1-16
  3. СКк-1-17

Кол күрөш:

  1. СКк-1-17
  2. СКк-1-16
  3. Социалдык иш (ЖАК)

Жеңүүчүлөр 1, 2, 3 даражалуу дипломдор менен сыйланышты.

  • КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР
  • КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР
  • КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР
  • КАНА ЭМЕСЕ КЫЗДАР