AVN







ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК  ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ
 Mar 12, 2019  744

Жалал-Абад колледжинде  кезектеги педагогикалык кеңеш болуп өттү. Анда алдынкы мугалимдерге номинациялар тапшырылды. Мындай маалыматты колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Маматумаров билдири.

Анын айтымында колледжге ак эмгегин арнап, өзгөчө берилгендик менен жаштарга үлгү болуп, студенттер менен тыгыз кызматташып билим берип жаткан окутуучулар сыйланган.  Мындай демилге колледждин директору тарабынан көтөрүлүп, мугалимдердин ак эмгектерин баалоо максатында уюшулган.

Жалпы жамааттын берген баасы менен алдынкы мугалимдерге төмөнкүдөй номинациялар боюнча диплом, грамоталар ыйгарылды.

1.Студенттерди сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча алардын оң баасына татыган окутуучулар "Студенттин сүйүктүү мугалими" номинациясы.

2. Колледжде жана ЖАМУда мастер-класс, тренинг өткөрүп, педагогикалык иновацияларды жайылтып иштеп жаткан окутуучуларга "Новатор мугалим" номинациясы.

3. ЖАКтын коомдук иштеринде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, берилген тапшырмаларды так аткарып, коомчулуктун, жамааттын ишин жеңилдетип ишин илгерилеткен окутуучуларга "Демилгелүү мугалим" номинациясы.

4.Окуу жайда, коомчулукта жаштарга үлгү көрсөткөн жана студенттердин өндүрүштүк практикаларында насаатчылыкты ийгиликтүү жүргүзгөн окутуучулар "Мыкты насаатчы" номинациясы менен сыйланды.

  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК  ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК  ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК  ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК  ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ АК  ЭМГЕКТЕР БААЛАНДЫ