AVN







ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ

ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
 Mar 12, 2019  694

Табийгый-техникалык факультетинин мырзалары  8-март  аялдардын  эл аралык  майрамына карата  “Гүлдөй назик аял зат” аттуу  майрамдык концерт уюштурушту. Анда АТФда эмгектенген  айымдарга  гүлдесте белек беришиип,  коомдук иштерге активдүү катышып  өзгөчөлөнгөн окутуучу айымдар жана студент кыздарга  “Ардак”  грамота тапшырылды. Мындай маалыматты  аталган факультеттин деканы тех.и.к., доцент            Жакып  Шамиев билдирди.

 Иш-чарага факультеттин деканы Ж.Б. Шамиев  жана профессордук –окутуучулар курамынан түзүлгөн мызалар куттуктоолорун айтышты.

Концертте аталган факультеттин студенттери жана чет өлкөдөн келип билим алып жаткан студенттердин ыр белектери тартууланды. Бул демилге  аталган факультеттин  жалпы мырзаларына жана  ТТФнын тарбия иштери боюнча орун басары “Биология” кафедрасынын улук окутуучусу А.С. Болотованын уюштуруусу менен  өткөрүлдү”. Мындай майрам жыл сайын салт катары  уюштурулуп келээрин  “Биология”  кафедрасынын окутуучусу Бурулай  Жээнбекова билдирди”.

  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ
  • ГҮЛДӨЙ НАЗИК АЯЛ ЗАТ