AVN







КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!

КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!
 Mar 11, 2019  780

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери    “Карыларды-көз жаздымыңда калтырба”  аттуу кайрымдуулук акциясына катышышты. Акция “Элим барсыңбы?” коомдук фонду тарабынан уюшулган.

Жалал-Абад облусундагы кароосуз калган карыларга  көмөк көрсөтүү таризинде уюштурулду. Бир күндүк  акциянын алкагында облус аймагында кароосуз калган  30га чукул жалгыз бой карыялар тандалып алынып,  алардын арасынан 5 үй-бүлөгө  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  студенттери жардамга колун сунушту – дейт Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Адилет Усенв.

Тактап айтканда жаздын алгачкы күнүндө мындагы карыялардын үйлөрүн тазалап,  актап, сырдап  жана короолорун иретке келтирүү менен ата-энелердин ак баталарына арзышканын айтат А. Усенов.

 Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусундагы “Элим, барсыңбы?”  коомдук  кайрымдуулук фонду ЖАМУнун  Жалал-Абад колледжинин  “Социалдык иш” адистигинин мугалимдерине, студенттерине жалпы акциянын катышуучуларына  фонд терең ыраазычылыгын билдирди. Ал эми биздин окуу жай мындай акцияларга активдүү катышып, коомдун социалдык онүгүүсүнө салым кошуп келишет – деди ал.

  • КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!
  • КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!
  • КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!
  • КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!
  • КАРЫЛАРДЫ КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛТЫРБА!