AVN







АЛТЫН АПАМ АРДАГЫМ

АЛТЫН АПАМ АРДАГЫМ
 Mar 9, 2019  1325

Табигый-техникалык факультетинин “Биология”  кафедрасы тарабынан 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата  “Алтын апам ардагым”  аттуу майрамдык   иш-чара болуп өттү. Мындай маалыматты аталган кафедранын окутуучусу Б.Жээнбекова билдирди.

Анын айтымында “Биология” кафедрасында өткөрүлгөн иш-чарага   аталган  адистигинин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Бул адистикде билим алып жаткан Б-1-16 тайпасынын студенттери 8-март аялдардын эл аралык майрамын даңазалап, “Ар бир аял ардактуу”,  “Эне үй-бүлөнүн куту-жашоонун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы” деген темадагы баяндамалыр окулуп, эне жөнүндө  ырларды жана “Эненин сегиз жалганы” деген окуяларды сахналаштырылды. Ал эми майрамдык концерт кафедранын улук окутуучусу А. Ормогоеванын уюштуруусу менен өткөрүлгөнүн айтат  Бурулай Жээнбекова.

Энесиз үйдүн ичи жарык болбойт,

Энесиз үйгө келсең көңул толбойт.

 Канчалар мээрим төгүп турсадагы,

Өз энедин мээриминдей мээрим болбойт  дегендей энелер аман болсун, “Бейиш энелердин таман астында”  экендигин дагы бир жолу даңазаланды.

  • АЛТЫН АПАМ АРДАГЫМ
  • АЛТЫН АПАМ АРДАГЫМ
  • АЛТЫН АПАМ АРДАГЫМ