AVN







КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Mar 9, 2019  716

Жалал-Абад мамлекеттик университеинин Кыргыз тили кафедрасы тарабынан ата-энелер менен кезектеги жолугушуу уюштурулду. Анда учурда бакалаврды даярдоонун негизги билим берүү программасы боюнча ойлор ортого салынды. Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент Г.К.Бакирова билдиргендей, ата-энелер ЖАМУда өз балдарына билим берип жаткан окутуучулардын эмгектерине, жасаган мамилелерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Кт-1-17 тайпасынын куратору, фил.и.к., доцент Г.О.Көчөрованын жетекчилиги менен тайпадагы студенттер жолугушууга келген ата-энелерди өз жетишкендиктери менен кубандырышты жана алдыңкы студенттердин ата-энелерине ЖАМУнун дипломдорунун ыйгарылышы аларды кубанычка бөлөдү.

Иш-чаранын аягында катышуучуларга тайпадагы студенттердин күчү менен даярдалган майрамдык программалар тартууланып, студенттер   ата-энелерине өз колдору менен даярдаган белектерин таптапшырышты.

  • КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ