AVN







ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ КЫЗГА АЙЛАНГАНДА

ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА
 Mar 9, 2019  817

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык концерт болуп өттү. Ал окуу жайдын таланттуу мырзалары тарабынан уюшулуп, ыр-бийлер аткарылып, боорду эзген тамашалар менен коштолду.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович – “Аял заты, эне – баарынан ыйык, жашоонун башаты, үйдүн куту, очок ээси. Энеге болгон урмат-сый турмуштун маңызын арттырып, жашообузду көрккө бөлөп турат. Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт. Сиздер  — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын кутусуздар, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгиликтин  жаратманысыздар” – деген жылуу сөздөрүн арнады.

Бул концерттин айырмасы бир дагы аялзаты катышпастан, жалаң мырзалардын таланттары тартууланды. Көрүүчүлөргө күлкү, шаң тартуулаган мырзалар кызга айланып, кылыктары менен кызыктарды көргөзүшүп, айымдардын артыкчылыктарын баса белгилешти.

Концерттин соңунда атайын бөлүмдүн башчысы Айнура Рахманованын кол өнөрчүлүгүнөн жаралган кийимдер  көргөзмөгө коюлду.

  • ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА
  • ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА
  • ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА
  • ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА
  • ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА
  • ЖАМУНУН МЫРЗАЛАРЫ  КЫЗГА АЙЛАНГАНДА