AVN







ЭЛДИН КАМЫН ОЙЛОГОН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛАЙЛЫ

ЭЛДИН КАМЫН ОЙЛОГОН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛАЙЛЫ
 Mar 9, 2019  744

“Адамдар эки түргө бөлүнөт, бири аары жана бири чымын болуп”. Мындай ойду “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти Эмиль Уметалиев  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда айтты.

“Ыйык  Ата журт Жалал-Абад” коомдук жаштар фонду “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата жаштардын дүйнө таанымын өстүрүү максатында  экс- министр, “Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти  Э. Уметалиев менен жолугушуу уюштурган.  “Жаштардын  патриоттук сезимдерин чындоо, аларды заманбап жана прогрессивдүү илим-билимге тынымсыз умтулууга үндөө жана эл жеринде татыктуу жаран катары кызмат кылууга чакыруу максатында иш-чараны уюштурдук” – дешет аталган фонддун өкүлдөрү.

Ал эми Э. Уметалиев жаштарды терең билим алууга, мекенди сүйүүгө, элине ак кызмат кылуу үндөгөн сөздөрдү айтты. “Адамдар эки түргө бөлүнөт, “аары” жана “чымын” болуп. Аары өзү айтып тургандай эмгекчил, пайдалуу иштерди аткарат. Чымындын жүргөн жери дайым жаман жана айланасында өзү сыяктууларды чогултат. Андыктан ар бириңер аары сыяктуу эмгекчил болуп, өлкөгө инвестиция тарткан, элдин камын ойлон жаран болгула. Ал нерсе ар бириңердин колуңардан келет”  - деди ал.

Жаштар өздөрүн кызыктырган суроолорду берүү менен ийгиликке жетүүнүн сырларын сурашты. Мындай бааралашуу жатардын дүйнө таанымын кеңейтип, келечекке болгон көз карашын өзгөтөөрүн айтат Экономикалык-юридикалык факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Зарина Кошалиева.

  • ЭЛДИН КАМЫН ОЙЛОГОН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛАЙЛЫ
  • ЭЛДИН КАМЫН ОЙЛОГОН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛАЙЛЫ
  • ЭЛДИН КАМЫН ОЙЛОГОН ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛАЙЛЫ