AVN







ГҮЛ СУНАМ СИЗГЕ АЯЛЗАТ!

ГҮЛ СУНАМ СИЗГЕ АЯЛЗАТ!
 Mar 9, 2019  752

Жалал-Абад колледжининин мырзалары    8-март аялдардын эл аралык майрамына карата колледжде эмгектенген айымдарга гүлдесте белекке беришти. Ал эми коомдук иштерге активдүү катышып өзгөчөлөнгөн студент кыздарга Ардак грамоталар тапшырылды. Мындай маалыматты  мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Абубакир Маматумаров билдирди.

Иш-чарада ЖАКтын директору Б.М.Турдубаева, окуу иштери боюнча директордун орун басары А.М.Ыстамбаев, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Т. Маматумаров жана Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары Нирлан уулу Байыш куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жаздын алгачкы майрамы сүйүүнүн, сулуулуктун символу болгон гүлдөй назик айымдарга арналат. Андыктан бул күнү айымдарга гүл сунуп, жакшы маанай тартуулоого аракеттер жасалды. Майрамдык иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү ишинде ЖАКтын жаштар комитети өз активдүүлүгүн көрсөтө алышканын кошумчалайт А. Маматумаров.  

  • ГҮЛ СУНАМ СИЗГЕ АЯЛЗАТ!
  • ГҮЛ СУНАМ СИЗГЕ АЯЛЗАТ!
  • ГҮЛ СУНАМ СИЗГЕ АЯЛЗАТ!
  • ГҮЛ СУНАМ СИЗГЕ АЯЛЗАТ!