AVN







УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ ЭНЕЛЕРДИН КОЛУНДА

УЛУТТУН  КЕЛЕЧЕГИ  ЭНЕЛЕРДИН  КОЛУНДА
 Mar 9, 2019  729

ЭЮФнин Юриспруденция жана Эл аралык укук багытынын студенттери тарабынан 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата ''Улуттун келечеги энелердин колунда'' аталышындагы концерттик иш чара болуп өттү.

Студенттер факультетте эмгектенген айымдарды майрамы менен куттуктап, ыр белектерин сунушту. “Айымдар ар убак көңүл бурууга татыктуу, антсе да 8-март күнү өзгөчө маанай тартуулап келебиз. Мээримдүүлүктүн, айкөлдүктүн, сулуулуктун, назиктинтин символу болгон аялзатын майрамы менен куттуктадык. Бул демилге аталган факультеттин жалпы мырзаларына таандык жана жыл сайын салт катары уюштуруп келебиз” – деп билдирди кафедра башчысы  Бекжан Алымкулов.

Бул күнү студенттер энеге арналган ырларды аткарып, бий бйлешип майрамды шаңга бөлөштү. “Тегиңди сактайм десең уул тарбияла, улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла” дегендей улуттун келечеги болгон кыздарыбызды туура тарбиялап, алардын келечегине кам көрөлү.

  • УЛУТТУН  КЕЛЕЧЕГИ  ЭНЕЛЕРДИН  КОЛУНДА
  • УЛУТТУН  КЕЛЕЧЕГИ  ЭНЕЛЕРДИН  КОЛУНДА
  • УЛУТТУН  КЕЛЕЧЕГИ  ЭНЕЛЕРДИН  КОЛУНДА