AVN







“Социалдык иш” адистигинин студенттери практика өтөө жайларында

“Социалдык иш” адистигинин студенттери практика өтөө жайларында
 Mar 9, 2019  753

Жалал-Абад колледжинин  “Социалдык иш” адистигинин студенттерин диплом алдындагы алты жумалык практикасына жайгаштырылды. Срк 01-17 тайпасындагы студенттер Жалал-Абад шаардык Социалдык фонд жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына, о.э. райондук башкармалыктарга практикага жайгаштырылды – дейт практика жетекчиси Айнагүл Таштанова.

 Практикага жөнөтүүдөн мурун студенттер техникалык коопсуздук эрежелери, эмгек тартиптери менен тааныштырылган.   Студенттер барган социалдык тармактагы мекеме, уюм, башкармалыктар менен окуу жылынын башында келишим түзүлгөн жана ошол келишимдин негизинде студенттер 7-апрельге чейин диплом алдындагы практикасын өтөп келишет. 

Диплом алдындагы практыкада жаштардын жумуш менен камсыз болууга чоң өбөлгө түзүлөт. Белгилей кетсек,  ушул тайпанын студенттери                 Ы. Мейманова жана Н.Сеитбековаларды шаардык социалдык өнүгүү жана Сузак райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери жумушка алып калуу сунуштарын айтышты. Мындай кабар албетте бизди кубандырат. Бүтүрүүчүлөр жумуш менен  камсыз болуп жатканы кубандырат – деди А. Таштанова.

  • “Социалдык иш” адистигинин студенттери практика өтөө жайларында
  • “Социалдык иш” адистигинин студенттери практика өтөө жайларында