AVN

Квалификация алдындагы практиканын конференциясы

Квалификация алдындагы практиканын конференциясы
 Mar 9, 2019  648

ЖАМУнун педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын «Социалдык иш» багытында окуган СКк-1-15 тайпасынын квалификация алдындагы практикасынын конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга  ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К.  Шамшиев, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Конференцияны ПМТФнын деканы, ф.и.к., доцент Р.К.  Шамшиев студенттердин алдыдагы практикасына ийгилик каалап конференцияны ачып берди.

Практиканын  жетекчиси Ы.М. Кожоназарова квалификация алдындагы практикага керектелүүчү докумменттер менен студенттерди камсыздап практиканын программасы боюнча маалымат берди.

СКк-1-15 тайпасында 11 студент окуйт, алар Жалал-Абад шаардык мэриясы, Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгы,  Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында квалификация алдындагы практикасын өтөшөт.

  • Квалификация алдындагы практиканын конференциясы