AVN







БААРДЫК ЭЛДЕРДИН ЭНЕЛЕРИ ЫЙЫК

БААРДЫК ЭЛДЕРДИН ЭНЕЛЕРИ ЫЙЫК
 Mar 7, 2019  691

Үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын Социалдык иш адистигинин СКк-1-16 тайпасы «Баардык элдердин энелери ыйык» аттуу концерттик программа тартуулашты.

Иш чара куратору Ы.М. Кожоназарованын иш планын негизинде 8-март Эл аралык аялдардын күнүнө карата уюштурулду.

Иш чарага профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Концерттик программа тамашалуу сахналаштырылган көрүнүш, бий, ырлар менен коштолуп, 8-март майрамынын тарыхы жөнүндө баяндама  окулду.

Иш чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн кафедранын профессордук-окутуучулук курамы кураторуна жана студенттерге ыраазычылык билдиришти.

1910-жылы интернационалдын кезектеги экинчи конгрессинин алкагында, аялдардын эл аралык жыйналышы болуп, атактуу немис коммунист айымы Клара Цеткин 8-мартты эмгекчил аялдардын күнү катары бүткүл дүйнөдө белгилөөнүү сунуш кылып чыккан, кийинчерээк жалпы аялзаттын майрамына айланды.

  • БААРДЫК ЭЛДЕРДИН ЭНЕЛЕРИ ЫЙЫК
  • БААРДЫК ЭЛДЕРДИН ЭНЕЛЕРИ ЫЙЫК
  • БААРДЫК ЭЛДЕРДИН ЭНЕЛЕРИ ЫЙЫК