AVN







ААЛАМ КӨРКҮ АСЫЛЗАТ

ААЛАМ КӨРКҮ АСЫЛЗАТ
 Mar 7, 2019  660

Табигый –техникалыкфакультетинин «География» кафедрасынын Г-1-17 тайпасында 2019-жылдын  6-мартында “8-март аялдардын эл аралык күнүнө”  карата «Аалам көркү асылзат” деген  темада ата-энелер менен  жолугушуу болуп өттү.

Жыйынды ТТФ нын деканы Ж.Б. Шамиев студенттердин катышуу-жетишүүсү,  KelBil программасы жөнүндө маалымат берип, аялдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап өттү.

Аталган кафедранын жетекчиси Н.С.Жунусов ата-энелер менен жогорку окуу жайынын байланышы, жетишилген ийгиликтер, алдыдагы  максаттар тууралуу маалымат берди. “Ата-эне изги тилек, чоң үмүт менен балдарын жогорку билимге ээ кылып, келечекте инсан катары калыптанышына аракеттерди көрүп келишет. Биздин окуу жайды тандап, бизге ишеним артканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз” – деди.

Г-1-17 тайпасынын куратору А.Керимбекова ата-энелерге окуп жаткан студенттердин өздөштүрүүсү, жетишүүсү жана ЖАМУнун окуу процесинин  жаңы өзгөчөлүктөрү жөнүндө билдирүү жасады.

Жыйындын экинчи бөлүгүн «Аалам  көркү асылзат” атту тема менен  улантып тайпанын студенти Маратова Мираида баяндама жасап,калган бөлүгү концерттик программалар менен коштолду.  Тайпанын студенттери  ата-энелерге жана кафедранын окутуучуларына каалоо-тилектерин айтышты.

Жыйынтыгында ТТФнын деканы Ж.Б.Шамиев тарабынан ата-энелерге ыраазычылык  каттар тапшырылды. Ата-энелер кафедранын жамаатына каалоо тилектерин жана ыраазычылыктарын айтып,окуу жайдын келечеги кең экенин баса белгилешти.

  • ААЛАМ КӨРКҮ АСЫЛЗАТ
  • ААЛАМ КӨРКҮ АСЫЛЗАТ
  • ААЛАМ КӨРКҮ АСЫЛЗАТ
  • ААЛАМ КӨРКҮ АСЫЛЗАТ