AVN







КУТТУКТОО!!!

КУТТУКТОО!!!
 Mar 7, 2019  1491

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович Аялдардын эл аралык күнү менен жалпы аялзатын жана окуу жайдын айымдарын куттуктады.

Урматтуу кесиптештер Сиздерди, эң жарык маанайлуу майрам болгон Аялдардын эл аралык күнү – 8-март майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!

Жаз менен кошо кирип келген ушул күнү адамзаттын татынакай бөлүгү, көркү болгон аялзатын даңктап, урматтап, көңүлүбүздөн чыккан эң жагымдуу сөздөрүбүздү арнап келебиз.

Аял заты, эне – баарынан ыйык, жашоонун башаты, үйдүн куту, очок ээси. Энеге болгон урмат-сый турмуштун маңызын арттырып, жашообузду көрккө бөлөп турат. Эненин мээрими аркылуу жашоодо тынчтык жана бакыт өкүм сүрөт. Сиздер  — үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын кутусуздар, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгиликтин  жаратманысыздар.

Элибиз эзелтеден аялзатына – очоктун сактоочусуна өзгөчө аяр мамиле жасап, алардын туруктуулугуна жана чыдамкайлыгына, акылгөйлүгүнө жана түшүнүктүүлүгүнө терең таазим этип келген. Мына бүгүн да, жарашыктуу жаз айындагы ажарлуу майрам күнү – биздин сүйүктүү айымдарыбыздын эң жакшы сапаттары үчүн ыраазычылык билдирип, кɵӊүлүн кɵтɵрүп коюу ар бир эркектин парзы.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жалпы 943 кызматкер эмгектенсе, анын 627си айымдар. Ал эми 387 эжеке жаштарга билим берип, илим жаатында алгылыктуу иштерди аткарууда. Биздин окуу жайдын айымдары  эркектер менен тең катар илим жолунда ийгиликтерди жаратып, университеттин илимий-патенциалын көтөрүүдөсүздөр. Ар бириңиздердин эмгегиңиздер бааланууда жана коомдо өз ордуңуздар бар.

Жашоо-турмушуңуздардагы эң кымбат жана теңдешсиз дөөлөт болгон чың ден соолукту каалап кетээр элем. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылуу жылмаюу кетпей, ойлогон ой — максатыңыздардын ишке ашышына тилектешмин.

Бардык үй-бүлөдө ырыскылуу бакубат жашоо болсун! Ар бир күн Сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын.

Майрамыңыздар менен асылзат айымдар!