AVN

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору: баалуулугу, мааниси, тарыхы”

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору:  баалуулугу, мааниси, тарыхы”
 Mar 7, 2019  1009

“2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына, 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу күнүнө, 5-март ак калпак күнүнө карата “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору: баалуулугу, мааниси, тарыхы” аталышындагы университеттик деңгээлде тегерек стол болуп өттү. Тегерек столду МТ жана СИ проректору А.Д. Доранова алып барып, катышуучуарды бирге келген кош майрамдын урматы менен куттуктап, бекем ден-соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалаган университеттин ректорунун саламын айтты. Университеттин илимий иштери боюнча проректору К.С.Алыбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Тегерек столдо тематикага байланышкан илимий баяндамалар окулуп, мамлекеттик символ болгон Мамлекеттик тууга, ак калпакка илимий анализ берилди. Ф.и.к, доцент Г.Т. Токтогулова “Ак калпак философиясы”, окутуучу  М.И. Мамытов “Кыргызстандын мамлекеттик символдору”,  саяс.и.к., доценттин м.а. Б.Н. Алымкулов “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу – мыйзам мейкиндигинде”, Юк-1-15 тайпасынын студенти А.Азимканова “Самый визуальный государственный символ – флаг” деген аталышта баяндамаларды жасашып, берилген суроолорго жооп беришти.

Баяндамада окулган темалардын тегерегинде жана Кыргыз элинин символикалык, улуттук мурас-дөөлөттөрү, баалуулуктары жөнүндө да кызуу талкуу болуп, бул темалар ар дайым илимий өңүттө кароону, талдап талкуулоону, жаштарга окутууну талап кылгандыгы баса белгиленип, мындан ары бат-баттан өткөрүп туруу сунушталды.

Тегерек столду уюштурууда жана өткөрүүдө профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер”,  “Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы”, “Жарандык укук жана адвокатура”, “Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар” кафедраларынын чоң салымарын кошкондугун билдирип терең ыраазычылыгын айтты А.Д.Доранова.

  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору:  баалуулугу, мааниси, тарыхы”