AVN







ТЕРЕҢ ФИЛОСОФИЯ КАМТЫЛГАН КАЛПАК

ТЕРЕҢ ФИЛОСОФИЯ КАМТЫЛГАН КАЛПАК
 Mar 6, 2019  679

«Башкаруунунавтоматташтырылгансистемалары» кафедрасы

5- марта кафедранын студенттерине Ак-калпак күнүнө карата тарбиялык саат уюштурду. “Улуттун уюткусу болгон ак калпагыбыздын бийиктигин, артыкчылыгын жана касиетин ар бир кыргыздын уул-кызы билүүсү абзел. Намыстуулуктун, мекенчилдиктин башаты тарбияда жатат, андыктан жаштарга туура тарбия берип, баскан жолунун багытын көргөзүү биздин милдет”. Мындай ойду тарбиялык саат учурунда аталган   кафедранын башчысы Сапарбек Ажыкулов айтты.

БАС кафедрасында азыркы күндө 72 студент билим алууда, тарбиялык саатка 40 студент катышышты. Ага кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышып, кыргыздын улуттук кийимдери жана ак-калпак жөнүндө кеңири маалымат берип өттүштү жана студентер менен баарлашуу суроо жооп менен коштолду.

 ИЭТ-1-18, ИЭТк-1-15 тайпаларынын студенттери Исламбай к Кайыргул, Болотбеков Сааданбек “Ак-калпак”, “Элечек” тууралуу суроолорду беришти.

Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

  • ТЕРЕҢ ФИЛОСОФИЯ КАМТЫЛГАН КАЛПАК
  • ТЕРЕҢ ФИЛОСОФИЯ КАМТЫЛГАН КАЛПАК
  • ТЕРЕҢ ФИЛОСОФИЯ КАМТЫЛГАН КАЛПАК
  • ТЕРЕҢ ФИЛОСОФИЯ КАМТЫЛГАН КАЛПАК